Трамп башка өлкөлөрдүн жардамы жөнүндө айтып берди

Американын лидери Дональд Трамп Орусия АКШга медициналык жабдыктары бар учакты COVID-19 коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө жардам катары берди деп билдирди. Ак үйдөгү пресс-конференциянын жүрүшүндө Трамп Америка Кошмо Штаттары коронавируска байланыштуу кырдаалдан көп нерсеге үйрөндү деген көз карашын билдирди.

Анын айтымында, бир нече мамлекет АКШга жардамды, анын ичинде Кытай да жиберген. «Мен аябай таң калдым» — деди Трамп.

«Менин оюмча, акыры биз күчтөнөбүз … Айтышым керек, биз көптөгөн мамлекеттер менен жакшы мамиледебиз … Россия бизге медициналык багыттагы буюмдар менен толтурулган абдан чоң самолётту жиберди, бул абдан жакшы болду», — деди АКШнын Президенти.

Ак үй 30-мартта Трамп Россиянын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү деп билдирди, анын жүрүшүндө коронавирустук инфекциянын пандемиясы жана дүйнөлүк мунай базарындагы кырдаал талкууланды. Лидерлер G20 алкагында коронавирус менен күрөшүүдө тыгыз иштешүүгө макулдашышты.

Федералдык жана жергиликтүү бийликтин маалыматтарына таянып эсептөө жүргүзгөн Джонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, АКШда 188 миңден ашык коронавирустук инфекция катталган. 3,8 миңден ашык адам өлгөн.

Добавить комментарий