Токмок: жылуулук али күйө элек

Токмок шаарынын тургундары жылуулуктун жоктугуна нааразы. Борборлоштурулган жылытуу тутуму менен камсыздалган имараттарга жылуулук агентин жеткирүү иштери баштала элек.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, аба ырайынын сууктугуна байланыштуу көпчүлүк адамдар электр жылыткычтарын колдонушат.

«Кээде электр жарыгы өчүп калат. Ал эми балдар онлайн режиминде билим алышат. Кычкылтек концентраторун колдонгондор дагы бар», – дешти алар.

Жылуулук тутуму кышка толугу менен даяр экендигин мэрия билдирди.

«Жылытуу мезгилине бардыгы даяр. Жылытуу абанын температурасына ылайык берилет. Болжол менен быйыл жылытуу сезону 24-октябрда башталат», – деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий