Телевизор уурдагандардын кылыгы соцтармакты күлкүгө салды: видео

Окуя кандай болгону көзөмөл камерасына тартылып калган. Аны жергиликтүү ЖМКлар жарыялашкан.

Унаанын терезесин сындырып жаткан адам. Иллюстративдүү сүрөт

Видеодон үч ууру кеңсенин айнек эшигин талкалап кирип, дубалда илинип турган телевизорду алып кетүүгө аракет кылганын көрүүгө болот. Бирок телевизор дубалга бекем тагылгандыктан аны чыгара албай көпкө убара болушкан.
Бирөө эшикти таппай айнек дубалды сүзсө, экинчиси жардам берүү үчүн кирип келе жатып, чалынып жыгылган. Аягында дубалдагы телевизорду эптеп чыгарышканы менен аны алып кетпей калтырып, окуя болгон жерден шашып кетип калышкан.

Окуя Рибейран-Прету провинциясында кыймылсыз мүлк менен иштеген агенттиктин кеңсесинде 8-декабрда кечинде болгон.

Видеого комментарий жазгандардын көбү кеңсенин ээси ууруларды кечирип, алардын камеди-шоуга тартылуусу керектигин билдиришкен.

Добавить комментарий