Телефонго зыян келтирбеш үчүн кантип туура заряддоо керек: Адистин кеңеши

Смартфонун түнү бою заряд алууга коюп койгон же 100 пайыз толсо дагы токтон алып койбогон колдонуучулар аккумулятордун өмүрүн кыскартат. Бул тууралуу Business Insider басылмасы жазды.

Телефондун заряды көпкө жетип, аппараттын өзүнө зыян келбеши үчүн аны эртең менен заряддаган туура. Түш ооп телефондо 30-50 пайыз энергия калат. Дал ушунча пайыз запасы калганда заряд жайыраак корой баштайт. Демек, кечке чейин ээн-эркин жүрө аласыз.
Ошондой эле телефонду 100 пайызга жеткирбей, 90-95 пайызга чейин заряддоо пайдалуу экени айтылат.

Анткен менен адистер телефонду эки жылдын ары-бери жагында алмаштырган кишилерге аккумуляторду жогорудагыдай бапестеп колдонуунун анча зарылдыгы жок экенин айтат. Анткени литий-иондук аккумулятор жакшы чыдап, андан кийин өзүнөн өзү эскирип калат.

Добавить комментарий