Теңгиз Бөлтүрүккө операция жасалды: сот отуруму 25-ноябрга жылдырылды

«Кумтөрдүн» мурдагы тышкы менеджери Теңгиз Бөлтүрүк операция үчүн ооруканага жеткирилип, ага байланыштуу кармалган жарандын баш коргоо чарасын талашуу боюнча сот отуруму 25-ноябрга жылдырылды.

Бул тууралуу Kaktus.media билдирет.

Алардын айтымында, бир күн мурун алтын өндүрүүчү компаниянын мурдагы менеджери Теңгиз Бөлтүрүк Бишкектеги ооруканалардын бирине жаткырылып, операция жасалган.

Белгилей кетсек, Бишкектин Октябрь райондук соту Бөлтүрүктү 2023-жылдын 10-январына чейин УКМКнын СИЗОсунда камакта калтырган. Бөлтүрүктүн жактоочусу бул чечим боюнча шаардык сотко аппеляциялык арыз менен кайрылып, бүгүн, 21-ноябрда анын баш коргоо чарасы каралмак.

Бишкек шаардык соту ооруп калганына байланыштуу сот отуруму жылдырылып, ал сотко өткөрүлбөй жатканын тастыктады. Процесс 25-ноябрь саат 09:30га жылдырылды.

Эске салсак, Бөлтүрүккө бир нече беренелер боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилген.

Добавить комментарий