Тажикстанда Пирмухаммадзода менен Сайдамини аттуу эки журналист камакка алынды


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2022/08/speech-73477-1659340442-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Дүйшөмбү күнү сот журналисттер Абдусаттор Пирмухаммадзода менен Завкибек Сайдаминиге карата камакка алуу чечимин чыгарды, деп жазат «Азаттык» радиосунун тажик кызматы Абдусаттор Пирмухаммадзоданын жакындарына таянып.

Маалыматка ылайык, ал 27-июль күнү Сомони райондук сотунун чечими менен СИЗОго убактылуу камакка алынган. Адвокат журналист менен жолугушту.

«Анын ден соолугу жакшы. Тергөө иштери уланууда. Тажикстандын укук коргоо органдары бул ишти акыйкат иликтеп жатат деп ишенебиз», – деди ал.

Завкибек Сайдаминин жана дагы бир камактагы журналисттин жакындары дүйшөмбү күнү СИЗОго тамак-аш алып келишкенин айтышты. Атын атагысы келбеген туугандарынын бири Сайдаминдин адвокаты жок экенин, 20 күндөн бери көрүшпөгөнүн, абалы тууралуу маалымат жок экенин айтты.

Вахдат шаарынын полициясы 8-9-июль күндөрү эки журналистти кармаган. Бийлик Сайдаминини тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясы жана «Группа 24» менен кызматташкан деп айыптоодо. Ал эми Пирмухаммадзода экстремизмге шектелүүдө.

Эки журналисттин жакындары айыптар жасалма экенин айтышууда. Экөө тең социалдык түйүндөрдө курч маселелер боюнча пикирлерин билдиришти. Алардын кармалышын укук коргоо уюмдары сынга алганы менен бийликтегилер өжөр.

Соңку үч айда Тажикстанда жети блогер жана журналист камакка алынды. Бир нече журналисттер кысымга алынганын, телефондорун, ноутбуктарын тартып алышканын, эскертүү берилгенин билдиришкен.

Бир катар эл аралык уюмдар жана батыш өлкөлөрү тажик бийликтерине кайрылып, журналисттерди куугунтуктоону токтотууну суранышты.

Добавить комментарий