Түркмөнстандын президентинин уулу шайлоо участогуна жигули менен келди

Түркмөнстандын президентинин уулу Сердар Бердымухамедов үй-бүлөсү менен добуш берүүгө “Жигули” үлгүсүндөгү унаа менен келди.

Ишембиде мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо Түркмөнстандын башчысы Гурбангулы Бердымухамедовдун жаштарга жол ачуу үчүн кызматтан кетүү ниети тууралуу билдирүүсүнөн кийин өттү.

Видео интернетке жарыяланды. Кадрларда президенттикке талапкер кенже Бердымухамедов үй-бүлөсү менен шайлоо участогуна советтик өндүрүштөн чыккан унаа менен келгенин көрүүгө болот.

Ишембиде шайлоочулардын 97 пайызы шайлоого катышканы кабарланган.

Сердар Бердымухамедов шайлоо участогуна добуш берүү үчүн жигули менен келгенин түркмөн ЖМКлары жазып чыгышты

Сердар Бердымухамедов шайлоо участогуна добуш берүү үчүн жигули менен келгенин түркмөн ЖМКлары жазып чыгышты

Добавить комментарий