Түркиядан Бишкекке 326 Кыргызстандык учуп келди

8-июлда Түркиядан келген 326 Кыргызстандык, анын ичинде жаш балдар дагы Бишкекке кайтып келишти, деп билдирет Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

«Биздин жарандар Бишкеке “Түрк аба жолдору” чартердик рейси менен кайтышты. Стамбул-Бишкек-Стамбул каттамы боюнча, Түркиянын жарандарын Кыргызстандан жана Кыргыз жарандарын Түркиядан ташып кетүү үчүн уюштурулган», – деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин маалыматында.

Бул рейс эки мамлекеттин тышкы иштер органдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн тапшырмасына ылайык, эл аралык жүргүнчү аба каттамдарын токтотуу жана дүйнөдө коронавирус инфекциясы COVID-19 пандемиянын жайылышына байланыштуу карантиндик чараларды көрүү шарттарында чет өлкөлөрдө жүргөн кыргызстандыктарды кайтарып берүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин алкагында жүзөгө ашырылды.

Белгилей кетсек, Түркиянын эл аралык аба каттамдарын калыбына келтирип, чет өлкөлүк жарандардын кирүүсүнө чектөөлөрдү алып салгандан кийин, биздин жарандар Кыргызстанга Малайзиядан, Түндүк Кипрден, Израилден, Болгариядан, Канададан жана Европанын, Азиянын жана Африканын башка өлкөлөрүнөн, логистикалык маршрут менен кайтып келишти. андан кайтып келүү, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү койгон чектөөлөрдүн кесепетинен улам, узак убакытка созулуп кетти.

Чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын мекенине кайтып келүүнү уюштуруу боюнча иштер улантылууда.

 

Добавить комментарий