Түлөбаев: 11 айдын ичинде 1500 адамдан кат алдым

Социалдык тармактар эл менен байланышта болууну шарттап, алардын маселесин чечип берүүгө аябай жакшы жардамын берип жатат. Себеби жумуш ордунда отуруп алып шаардын көйгөйлөрүн таап чыкканга жетишмек эмеспиз.

Анын айтымында, бул жылы транспорт, кыймылсыз мүлк жана жер маселеси боюнча 17 миң, архитектура жана курулуш боюнча 13 миң, ал эми социалдык блокко 11 миң кат келген.

«Телефонума күн сайын калаабыздын булуң-бурчунан каттар келет. Дароо керектүү тараптарга маселени чечүү үчүн тапшырма берем. Ар бир кызмат менен социалдык тармактар аркылуу байланыштабыз. Сүрөт, видео болобу жөнөтөм, алар мыйзам чегинде тийиштүү чараларды көрүшөт. Жаңылышпасам 11 айдын ичинде 1500 адамдан кат алыптырмын. Алардын 1000ден ашыгынын маселесин чечиптирбиз. Ал эми быйыл мэрияга 50 миң кат келип түштү. Өткөн жылга салыштырмалуу 20 пайызга көп. Шаардын жашоочуларынын басымдуу бөлүгү жер, социалдык, транспорт көйгөйү, жашылдандыруу, канализация маселелери, анан эң аягында жеке кызыкчылыктагы арыз-муңун, укуктары бузулган учурларын айтып кайрылышкан», — деди Түлөбаев.

Ал келген каттардын 95 пайызына жооп кайтарылганын, шаар тургундарынын 60-70 пайызынын суранычы аткарылганын кошумчалады.

 

Добавить комментарий