Сузак ооруканасына тойдон кийин уудануу менен кайрылууну улантууда

Сузактагы банкетте тамактан ууланган коноктордун саны өсүүдө.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы тамактан ууланып 138 адам ооруканага кайрылган.

Бул тууралуу 14-октябрда облустук оорукананын башчысы Азизбек Жолдошев билдирди.

Анын айтымында, жарандар Бек-Абад айылындагы ооруканага тамактан ууланып, 11-октябрдын түнүнөн тарта бара башташкан.

Азыр 22 бейтап ооруканага жаткырылды, анын ичинде төрт бала жана эки кош бойлуу аял.

Жарандар өздөрү жылкынын этинен ууландык дешет. 10-октябрда Бек-Абад айылында жылкы союлуп той өткөн. Уулануунун лабораториялык себеби азырынча тактала элек.

Эске салсак, ушул жылдын март айында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда тамактан уулануу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, анын кесепетинен адамдар каза болгон. Тергөө аяктап, иштин материалдары сотко өткөрүлүп берилди. Соттук-химиялык, биологиялык жана медициналык экспертизалар көрсөткөндөй, адамдар метил спирти (метанол) менен ууланышкан.

Добавить комментарий