Сокулук районунда дагы бир калкты тейлөө борбору ачылды

Новопавловка айылында калкты тейлөө борбору (КТБ) ачылды, бул Сокулук районундагы экинчи КТБ.

Бул тууралуу КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Борбордун аянты 122 чарчы метрди түзөт. Заманбап жабдуулар менен жабдылган, ыңгайлуу күтүү жайы, маалымат столу, электрондук кезек жана видеокөзөмөл камералары бар.

«Бул 200 миң адам жашаганын эске алганда Сокулук районундагы экинчи калкты тейлөө борбору. Борбор күнүнө орто эсеп менен 250 чейин жаранды тейлей алат. Ал жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоо жана каттоо, жарандык маселелери жана жашап турууга уруксат алуу боюнча бардык кызматтарды көрсөтөт», — деп айтылат билдирүүдө.

КТБ Фрунзе көчөсү, 278 (почта бөлүмүнүн имараты) дарегинде жайгашкан.

Добавить комментарий