Соцтармактагы «уят» сүрөттөрдү түп-тамыры менен кантип өчүрүү керек

Интернетке чыккан сүрөттөр адатта ошол жакта биротоло калып калат. Мындай сүрөттөр бөтөнчө корпоратив учурунда көп кездешет. Азыраак зыян тартуу үчүн эмне кылуу керек экендигин Sputnik радиосуна блогер жана юрист Сергей Ланг айтып берди.

Анын айтымында, Instagram тармагына жубайы бар эркектин жаңы жылдык корпоративдеги кыз-келиндер менен түшкөн сүрөтү тарап кетиши түз эле үй-бүлөлүк чыр-чатакка алып келери маалым. Ал эми алкаголду ашыкча ичкен кыздын сүрөтү эртеси талкууга түшөрү турган иш.

«Азыр корпоративдер болуп жатат, албетте, ичкендер да болот. Аларды тартып чыгарып ийгендер да кездешет. Интернетке тараган сүрөттөр ар кандай максатта колдонулуп кетиши мүмкүн. Балким шантаж жасашат. Социалдык тармакка чыккан сүрөттөрдү өчүрүү кыйын, башка бирөөлөр көчүрүп алганга жетишет. Эгер башка бирөө сиз менен түшкөн сүрөтүн жүктөсө, соцтармактын администрациясына арыз билдирүүсүн кетире аласыз. Кадрда сиз экениңизди тастыктоо үчүн сүрөтүңүздү же паспорттун көчүрмөсүн кошо жибериңиз. Социалдык желелерде өчүрүү бат эле. Мындан таанышуу сайттарынан же башка тараптагы ресурстардан алдыруу кыйын», — деген блогер.

Ошондой эле Ланг эгер сүрөттү өчүрүүдөн такыр эле баш тартып жатышса, сотко кайрылуу керектигин кошумчалаган.

Добавить комментарий