Шольц Россия согушта жеңбеши керек деди

Германиянын канцлери Олаф Шольц «Россия бул согушта жеңбеши керек» деп айтып, Путинди «Украина аймагынан» аскерлерин чыгарып кетүүгө чакырды.

Бул тууралуу батыш өлкөлөрүнүн лидерлери менен видеоконференциянын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында айтылды.

«Евробиримдик жана НАТОдогу өнөктөштөрүбүз менен бирге биз Россия бул согушта жеңбеши керек деген пикирдебиз», – деди Германиянын канцлери.

Шольц ошондой эле орус президенти Владимир Путинди элдешүү орнотууга жана аскерлерди чыгарып кетүүгө чакырды.

«Украина шаарларын аткылоону токтоткула. Тез арада элдешүүгө жол бериңиз жана жоокерлериңерди чыгарып кеткиле. Бул коркунучтуу согушту токтоткула», – деп Шольц орус президентине кайрылды.

Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугушууну каалабай жатканы немис саясатчысынын акыркы жылдары Россия менен тыгыз байланышта болгондугуна байланыштуу айтылган.

Андан соң Украинанын элчиси Андрей Мельник Германиянын канцлери Олаф Шольц Украинага оор куралдарды жеткирүү келечегин талкуулоо үчүн Киевге чакырылганын билдирди.

Добавить комментарий