БШК жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо үчүн шайлоочулардын контролдук тизмесин түзүп, «Тизме» мамлекеттик порталына жайгаштырды.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 11-апрелинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештерге дайындалган, деп билдирди КР Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы.
Шайлоочулардын тизмесине кирүү жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн каттоо дареги паспортто көрсөтүлгөн дарекке дал келиши керек.
12-мартка карата көзөмөлдөө тизмелериндеги шайлоочулардын саны 3 308 813, алардын ичинен 1 583 129 эркек, 1 725 684 аял (тиешелүүлүгүнө жараша 47,85 жана 52,15 пайыз).
Жарандар 27-мартка чейин шайлоочулардын тизмесиндеги жеке маалыматтарын тактап алышы керек. Тизмеге киргениңизди текшерүүнүн бир нече жолу бар:
- шайлоо участогунда;
- www.tizme.gov.kg шилтемесиндеги Тизме порталында;
- МКК чалуу борборунун 119 номерине чалып (чалуу акысыз);
- 119 номерине жеке идентификациялык номериңизди (PIN) камтыган смс жөнөтүү менен.
Эгерде ката же так эместик табылса, анда паспортун (ID-карта) көрсөтүп, тизмедеги маалыматтарды тактоо жөнүндө арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылуу керек. Добуш берүүчү жайга арыз берүүдө шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтүшү керек.
Шайлоочулардын тизмесине кирүү жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн каттоо дареги паспортто көрсөтүлгөн дарекке дал келиши керек.
Мамлекеттик каттоо кызматынын органдарында (Калкты тейлөө борборлорунда, паспорттук бөлүмдөрдө жана ЗАГСтарда) биометрикалык каттоодон өтүп же паспорттук маалыматыңызды жаңырта аласыз.