Сеулдагы көп маданият музейинде Кыргызстан бурчу ачылды

Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын майрамдоого карата Сеулдагы көп маданият музейинде Кыргызстандын бурчу ачылды.

Бул тууралуу ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

Ачылыш аземге КР элчиси Динара Кемелова жана Көп маданият музейинин директору Ким Юн Тэ катышты. Тараптар Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы маданияттар аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн өз ара ыраазычылык билдирген эстелик такталарды алмашты.

Кыргыз бурчун түзүү максатында элчилик экспонаттарды чогултуп, көп маданият музейине тапшырды. Ошол эле учурда элчилик “Felt Art Studiо” жетекчиси Жылдыз Асанакуновага, маданият таануучу Турганбай Молдогазиевге, “NAG Group” уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Надырбековага, Алы Мергеналиевага, Мира Айткуловага, ошондой эле маданий экспонаттар жана жеке коллекциялардан тиричилик буюмдар менен камсыз кылган Кыргызстандын Кореядагы элчилигинин кызматкерлерине ыраазычылык билдирет.

Кореянын тургундары, ошондой эле Сеулда жүргөн кыргызстандыктар музейге келип, кыргыз бурчуна төмөнкү дарек боюнча кайрыла алышат: 135, Bulgwang-ro, Eunpyeong-gu, Seoul

Добавить комментарий