Сейил бакта футбол аянтчасы, велодром жана чуркоочу жол курулуп жатат

Жаңы сейил бакта курулуш иштери аяктоодо. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Парктын эбегейсиз зор аянтында сейилдөөчү жолдор, жашыл мейкиндиктер жана гүлзарлар гана эмес, спорт менен машыккан жерлер да болот. Бул үчүн атайын аянт бөлүнүп, анда футбол жана баскетбол талаасы, велодром жана башка спорт аянтчаларын куруу иштери жүрүп жатат.

Жаңы сейил бактын аймагы 10 гектардан ашык аянтты ээлейт. Тротуарлар жана аллеялар, 300 унаа үчүн унаа токтотуучу жай, медициналык пункт жана жуунучу жай курулуп, 115 отургуч орнотулган. Түндүк тарабында Чыңгыз Айтматов проспектисинен Токтоналиев көчөсүнө чейин жаңы жол пайда болду.

“Азыр спорт зонасынын курулушу жүрүп жатат, анда футбол жана баскетбол аянтчалары, ири шахмат тактасы жана велодром болот. Мунун баары резина менен жабыла баштаган чуркоо жолдору менен курчалат”, – деп билдирди муниципалитет.

Жаңы парк Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан мурдагы Сүйүү сейил багынын ордуна курулуп жатат.

 

Добавить комментарий