Санкт-Петербургдун борборунда болгон массалык мушташтын натыйжасында, төрт адам бычактан алган жаракаттары менен ооруканага ар кандай деңгээлде түшкөн.
ИИМдин Санкт-Петербург шаары жана Ленинград облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы шаардын Борбордук районундагы түнкү клубдун жанындагы мушташ учурунда алар жаракат алгандыгын билдирди.
Садовая көчөсүнүн боюна массалык мушташ болгону тууралуу билдирүү нөөмөт бөлүмүнө бүгүн саат 04:46да келип түшкөн. Полиция жаңжал түнкү клубга келген эки топтун ортосунда, болжол менен аял кишинин айынан болгонун аныктады
20 адам кармалып, РИИБге жеткирилген.
Учурда окуянын фактысы текшерилип жатат. Кылмыш ишин козгоо маселеси чечилип жатат.
«Мэш на Мойке» басма сөз кызматынын айтымында, Money Honey клубундагы жаңжал Кыргызстандын жарандары менен Тыва Республикасынын тургундарынын ортосунда чыккан. Тез жардам унаалары «согуш талаасынан» көкүрөгүнө бычак сайылган 19 жаштагы жигитти Мариинск ооруканасына жеткиришкен, ашказанынан жаракат алган 21 жаштагы жана колу кесилген 22 жаштагы жигиттер Тез жардам илимий-изилдөө институтуна, ал эми колу кесилген 18 жаштагы жигит – №26 ооруканага жеткирилген.