Садыр Жапаров жылытуу мезгилинин башталышына бардык керектүү кызматтардын даярдыгы боюнча жыйын өткөрдү

Бүгүн, 17-октябрда Кыргыз Республикасынын Президенти баштаган жыйын болуп, анда өлкөдөгү жылытуу мезгилине өтүү боюнча бардык маанилүү маселелер каралды.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун, министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн, мамлекеттик органдардын жана Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин, ошондой эле профилдик мамлекеттик мекемелердин жетекчилеринин катышуусунда өлкөнүн 2022-2023-жылдардагы күзгү-кышкы жылытуу мезгилинен өтүүгө даярдыгы, анын ичинде калкты жана мекемелерди көмүр менен камсыздоо жана жеткирүү маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев жыйындын катышуучуларына экономика тармактарын жана калкты күз-кыш мезгилине даярдоонун жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Маалыматты уккандан кийин Садыр Жапаров калктын жана экономиканын тармактарынын энергетикалык ресурстарга болгон керектөөсүн өз убагында канааттандыруу зарылдыгын белгиледи.

Президент өлкө калкы үчүн жылытуу мезгилинде көмүрдүн баасынын ашыкча өсүшүнө жол бербөө боюнча чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду, анын ичинде темир жол транспорту менен катуу отунду ташуу үчүн жеңилдетилген тарифти колдонууну тапшырды.

Ошондой эле алдыдагы жылытуу мезгилин ийгиликтүү аяктоо үчүн энергетика объектилерин реконструкциялоо жана куруу иштерин тыкыр көзөмөлгө алууну камсыз кылуу зарылдыгы белгиленди, деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Добавить комментарий