РТ менен чек арада болгон жаңжалда жабыркагандар айыгууда

Тажикстан менен чек арада болгон чыр-чатак учурунда жапа чеккен 15 адам стационардык дарылануудан өтүп жатышат, алардын бардыгы жакынкы күндөрү чыгарылат.

Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жабыркагандардын жалпы саны 168 адам болсо, 36 адам көз жумган. Бүгүнкү күндө 15 адам Бишкек шаарынын, Ош шаарынын жана Баткен облусунун ооруканаларында дарыланып жатышат жана алардын чыгышы күтүлүүдө. Дагы бир бейтап Түркияга дарыланууга жөнөтүлдү.

Беш жабырлануучу Улуттук госпиталдан чыгууга камданууда. No2 нейротравма бөлүмүнүн башчысы Талант Жапаровдун айтымында, алардын экөөнө операция жасалды, алардын абалы турукташты. Мурду сынган бир адамга дагы операция жасалды.

«Биз аларды толугу менен текшерип, дарылоодон өткөрдүк жана жакынкы күндөрү үйгө чыгарабыз», – деди Жапаров.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, жабыркагандарга жана курман болгондордун үй-бүлөсүнө бир жолку төлөмдөр бериле тургандыгын эске салды:

  • курман болгондордун үй-бүлөлөрү – бир миллион сом;
  • жабыркагандар – жаракат жана травма даражасына жараша 50 миңден 100 миң сомго чейин.

Добавить комментарий