Россиянын кинематографисттер союзу Болот Шамшиевдин үй-бүлөсүнө көңүл айтты

Россиянын кинематографисттер союзу СССРдин эл артисти Болот Шамшиевдин үй-бүлөсүнө, жакындарына жана кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Кайрылууга Россиянын кинематографисттер союзунун башчысы Никита Михалков кол койгон.

«Болот Шамшиев бир гана кыргыз жана совет тасмаларынын эмес, дүйнө маданиятынын классиги. Болот Шамшиев — Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме», «Эрте жаздагы турналар», «Фудзиямадагы кадыр түн» чыгармаларын тасмага айланткан кайталангыс режиссёр», — деп айтылат көңүл айтуу катынды.

Ошондой эле анын чыгармачылыгы чыныгы гуманизм жана көркөмдүүлүккө толгону кошумчаланды.

«Досубуз жана кесиптешибиз Болот Шамшиевдин жаркын элеси түбөлүк эсибизде сакталат. Аза-кайгыңарды тең бөлүшөбүз», — деп аяктайт кайрылуу.

Шамшиев 2019-жылдын 21-декабрында 78 жаш курагында ооруп каза болгон.

Добавить комментарий