Россиялык депутат Депардьени батиринен ажыратууну сунуштады

Француз актёру Жерар Депардьенин сөздөрү дагестандык шайлоочулардын атынан чыккан Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Султан Хамзаевдин нааразычылыгын жаратты.  

Мамлекеттик Думанын депутаты Хамзаев француз актёру Жерар Депардьени Украина боюнча билдирүүсүнөн улам орус жарандыгынан ажыратып, РФдагы кыймылсыз мүлктөрүн жетим балдарга өткөрүп берүү керектигин айтты.

Хамзаевдин айтымында, Депардьенин жарандыктан ажыратылышына актёрдун «текебердиги» жасаган «шапкылыгы» себеп болгон. Депутат Депардьеге россиялыктар тарабынан бүткүл элдин атынан билдирүү жасоого ыйгарым укук берилген эмес деп баса белгиледи.

«Ага Саранск жана Грозныйда эки батир берилди. Бул батирлер алынып, жетимдердин муктаждыктарына берилиши керек. Бул эң туура чечим болмок», – деп жыйынтыктады депутат.

Маалымат үчүн! Паспорт «Россия Федерациясынын конституциялык түзүлүшүнүн негиздерине коркунуч туудурган иш-аракеттерди» жүзөгө ашыруу үчүн алынган же анын ээси террористтик, экстремисттик же диверсиялык иш-аракеттерге катышкан учурда, Россиянын жарандыгын токтотуунун жол-жобосу жазылган.

Добавить комментарий