Россия Кыргызстандыктарды Москва-Казан унаа жолунун курулушуна кызыктырат

РФ Кыргызстандын жарандарын Москва-Казан автожолунун курулушуна жумушка тартууну пландаштырып жатышканын жарыялады.

Кыргызстандыктарды Москва-Казан автожолунун курулушуна тартууну каалашат

Июнь айынын аягында унаа жолду курууга жумушчулар жетишсиз болуп, курулуш материалдарына баалар өсүп жатканы белгилүү болду.

М-12 Москва – Казан – Екатеринбург унаа жолунун курулушуна Кыргызстан, Өзбекстан жана Беларустук сегиз миңге жакын мигранттарды тартуу пландалууда. “Известия” билдиргендей, бул тууралуу Россиянын вице-премьер-министри Марат Хуснуллин билдирди,

Курулуш 2022-жылы башталып, жолдун негизги бөлүгү 2023-жылы ачылат. 2024-жылы жумушчулар магистралды жакшыртуу менен алектенишет жана сентябрга чейин аны Тюмень менен Челябинскке чейин жеткирүү пландаштырылууда.

28-июнда Хуснуллин «унаа жолу долбоору курулуш материалдарынын кымбатташына жана жумушчу күчтүн жетишсиздигине кабылды», деп билдирди.

Добавить комментарий