Рим папасы насаат аркылуу жайгаруу өткөрдү

Италияда коронавирустун жайылышы диний салтында өзгөрүүгө алып келди — Рим Папасы Франциск биринчи жолу жекшемби Angelus (Кожоюндун Периштеси) сыйынууну Апостол сарайынын терезесинин эмес китепканадан видео аркылуу, окуп берди, деп ТАСС билдирди.

Сыйынуу Санкт-Петирдин аянтында чоң экрандарда динчилердин чакан санына, ошондой эле телеберуулордо жана бир нече сайттарда Vatican News каналында көрсөтүлгөн. «Бул парзды Италиянын бийликтеринин сунушу менен, алдын алуу чаралар катары кылуудабыз», — деп Папа сыйынуунун алдында билдирип кетти.

Жекшемби күнкү насаат видео түрундө өтөорун, Ыйык Престолдун басма сөз кызматы алдын ала билдирген. Бул кадам жаңы коронавирус оорусунун таркашын алдын алуу боюнча италиялык бийликтин талаптарына ылайык кабыл алынган.

Италиянын өкмөт башчысы Джузеппе Конте, кечээ кечинде коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн иш-чаралар боюнча жаңы 3 апрелге чейинки буйрукка кол койду. Ломбардия аймагынан ошондой эле Венето (анын ичинде Венеция) түндүк облустарында жана бир катар   шаарларында Эмилия-Романья, Пьемонт жана Марке чектелген кирүү жана чыгуу режими киргизилди.

Ушул зоналардын аймагында убактылуу жарандар өздөрүнун туруктуу жашаган ордуна барууга уруксат берилген. Башка учурларда зарылдыгы бар болгон кезде гана, иш мүнөзүнө же ден соолугунун абалына байланыштуу кездерде гана жол берилет. Бул аймактарда ​​ курорттор лыжалары жабуулуда.

Жарлыкка ылайык, Италиянын бүткүл аймагында музейлержана көргөзмөлөр жабылууда. Ресторандар жана башка тамак-аш тармактарынын иши чектелди.

Акыркы расмий маалыматтарына ылайык, Италияда жаңы коронавируска 589 адам чалдыккан, алардын ичинен 5883 адам айыккан жана 233 киши каза тапкан.

Добавить комментарий