РФ менен болгон согуштун 3 айында дээрлик 14 миллион украиндер үй-жайын таштап кетишкен

Россиянын Украинага каршы ачкан согушу адамдарга орду толгус зыян келтирип, жарандык турмуштун дээрлик бардык тармактарын камтыды.

Бул тууралуу БУУнун Украинадагы кризистик координатору Амин Аваддын билдирүүсүндө айтылат.

«Үч айдан бир аз ашык убакыттын ичинде 14 миллионго жакын украиналык үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан, алардын көбү аялдар жана балдар – мындай жер которуунун масштабы жана ылдамдыгы тарыхта али белгилүү эмес», – деп айтылат билдирүүдө.

Документте ошондой эле согуштун айынан үч миллиондон ашык украин балдары окуу процессин үзгүлтүккө учуратууга аргасыз болгону айтылат.

БУУ кеминде 15,7 миллион украиналык гуманитардык жардамга муктаж экенин, дагы жүз миңдеген украиналыктардын суу жана электр жарыгы жок экенин белгилейт.

Уюм кыштын башталышы менен миллиондогон украиналыктардын өмүрү дагы чоң коркунучта болушу мүмкүн деп кооптонуусун билдирет.

БУУ өкүлдөрү согуш маалында бүткүл Украина боюнча, анын ичинде Украинанын чыгышындагы курчоодо турган шаарлардагы сегиз миллионго жакын адамга чукул гуманитардык жардам көрсөткөнүн маалымдашты.

Добавить комментарий