
Тажикстан менен Россиянын президенттери армияны модернизациялоо маселесин талкуулашат. Рахмон актуалдуу эл аралык жана аймактык маселелер боюнча пикир алмашууга даяр экенин билдирди.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Россиянын лидери Владимир Путин менен жолугуп, республиканын куралдуу күчтөрүн модернизациялоо программасын талкуулоо ниетин билдирди.
“Бүгүнкү жыйын, ЖККУнун юбилейлик датасы — бул биздин эки тараптуу маселелерди сиздер менен талкуулоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Мен бүгүн сиз менен, урматтуу Владимир Владимирович, өзгөчө Кыргызстандын куралдуу күчтөрүн модернизациялоо программасын ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулагым келет. Биздин өлкө жана тажик-ооган чек арасындагы кырдаал. Ошондой эле актуалдуу эл аралык жана аймактык маселелер боюнча пикир алмашууга даярмын”, — деди Рахмон дүйшөмбү күнү Кремлде ЖККУнун саммити башталар алдында Путин менен жолугушууда.
Орус лидеринин басма сөз катчысы Дмитрий Песков мурдараак маалымдагандай, саммиттин алкагында жалпы программадан тышкары бир катар эки тараптуу жолугушуулар пландалууда. Саммитке ЖККУга мүчө болгон бардык алты мамлекеттин лидерлери катышары күтүлүүдө. Путин менен Рахмондон тышкары булар Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларус президенти Александр Лукашенко, Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Саммитке ЖККУнун баш катчысы Станислав Зась да катышат.
13-майда Путин менен Рахмон телефон аркылуу сүйлөшүп, Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин жолугушуусуна даярдыктарды талкуулашты, ошондой эле Ооганстандын айланасындагы кырдаал боюнча пикир алмашышты.
ЖККУ — эл аралык коопсуздук уюму. Жамааттык коопсуздук келишимине 1992-жылы 15-майда Ташкентте кол коюлган.