Папа туткундарга 15 миң пакет балмуздак жөнөттү

Папа Франциск Римдин эки түрмөсүндө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан туткундарга 15 миң порция балмуздак жөнөттү.

Понтификтин кайрымдуулук кеңсеси билдиргендей, посылкалар жайкы аптапта жөнөтүлгөн.

Балмуздак Римде жайгашкан эки түрмөгө – шаардын борборундагы Тибер дарыясындагы Regina Coeli жана четиндеги «Ребиббияга» жөнөтүлгөн.

Посылкаларды польшалык кардинал Конрад Краевский жеткирген. Ал Пападан зекет таратуу менен алектенет.

Өткөн жай Италияда метеорологиялык байкоолордун бардык мезгилиндеги эң ысык мезгилдердин бири болгон. Сицилияда абанын температурасы +49 градуска чейин катталган. Бул Европадагы эң жогорку температура.

Добавить комментарий