Памирлик кыргыздарга үй берилет: Садыр Жапаровдун демилгеси

 

2023-жылдын жаз айларында Ош облусунда Кичи жана Улуу Памир аймактарынан Кыргызстанга этникалык кыргыздарды көчүрүү үчүн үйлөрдүн курулушу башталат.

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен жакынкы арада Ош облусунун Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздар үчүн 400 үй курула баштайт. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Курулуш иштерин ушул жылдын май айында баштоо пландалууда, — деп айтылат маалыматта. — Бардык үйлөр жылуулук, электр энергиясы жана ыңгайлуу жашоо үчүн зарыл болгон башка нерселер менен камсыздалат».

Өлкө жетекчилиги Ооганстандын Кичи жана Улуу Памир аймактарынан бардык этникалык кыргыздарды толугу менен көчүрүү үчүн зарыл чараларды көрүп жатканы белгиленген.

«Бул максаттар үчүн мамлекеттин жетиштүү күчтөрү жана каражаттары бар», — деп айтылат билдирүүдө.

Добавить комментарий