Ошто ден соолук марафону өттү

Ошто жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу программасынын алкагында ден соолук марафону өттү.

Бул тууралуу түштүк борбордун муниципалитетинин басма сөз кызматы билдирди.

«Иш-чаранын алкагында акциянын жеңүүчүлөрүнө жана активдүү катышуучуларына баалуу белектер тапшырылды. Мындан тышкары, бардыгы Ош облустук СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү борбору тарабынан уюштурулган ВИЧ боюнча экспресс-тесттен өтө алышты», – деп билдиришти Ош шаардык мэриясынан.

Марафонго, уюштуруучулардын айтымында, 300 адам катышкан.

Добавить комментарий