Орустардын массалык түрдө качышы: 21-сентябрда Стамбул менен Ереванга билеттер «кыска убакытта» сатылып кеткен

Владимир Путиндин 21-сентябрдагы таңкы кайрылуусу россиялыктарды дүрбөлөңгө салды. РФ президентинин видео кайрылуусунан бир нече сааттан кийин Стамбул жана Ереван багыттары боюнча бүгүнкү күндө билеттердин баары сатылып кетти.

Бул тууралуу “Макетинг” коомдук-саясий басылмасы Telegram-каналында билдирди.

«Путиндин сөзүнөн бир нече мүнөттөн кийин 21-сентябрга Стамбул менен Ереванга бардык түз билеттер сатылып кеткен», — деп айтылат билдирүүдө.

Анын үстүнө 21-26-сентябрга чейин Москва-Дубай аба каттамына билеттерди Aviasales билеттерин сатуу сайтынан сатып алуу мүмкүн болбой калды.

Буга чейин Россиянын президенти Владимир Путин атайын видеокайрылуусунда жарым-жартылай мобилизациялоо боюнча жарлыкка кол койгонун билдирген. Жарлыкты ишке ашыруу боюнча иш-чаралар 21-сентябрда башталып, запастагы жарандар аскердик кызматка чакырылат.

Добавить комментарий