Москва облусундагы «Крокус Сити Холл» концерттик залында болгон кайгылуу окуялардан кийин орус бийлиги мигранттарга көзөмөлдү күчөтүү боюнча мүмкүн болгон чараларды талкуулап жатат.
Россиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү мигранттардын агымы приоритеттүү темалардын бири экенин жана көптөн бери системалуу түрдө каралып жатканын билдиришти. Бирок «Крокус Сити Холлдогу» теракттан кийин бул маселе ого бетер актуалдуу болуп калды.
Бийлик миграциялык процессти уюштурууну күчөтүү жана миграциялык мыйзамдардын сакталышына көзөмөлдү күчөтүү ниетин билдирди. Москва полициясынын атайын топтору чет элдик жарандарды кошумча текшерүүгө киришти.
Эске сала кетсек, 22-марттын кечинде жасалган теракт учурунда 100 ашуун адам набыт болгон. Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) 11 шектүүнү кармады, анын ичинде төртөө кол салууга түздөн-түз тиешеси бар.