Оппозициячы Жээнбековдун жубайы Алимбаева УКМКга сурак берүү үчүн кармалды

Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева суракка алынган. Бул тууралуу 25-майда кармалган жарандын уулу Азат Жээнбеков билдирди.

«Бүгүн апамды УКМКЯга суракка алуу үчүн өз каалоосу жок алып кетишти. Ташиев оппозициянын үй-бүлө мүчөлөрүнө кысым көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбай жаткансыйт», — деди Азат Жээнбеков. Салкынай Алимбаеванын кармалганын укук коргоочу Азиза Абдирасулова дагы тастыктады. Учурда бул иш боюнча толук маалымат жок.

Салкынай Алимбаева Кемпир-Абад окуясы боюнча учурда СИЗОдо камакта жаткан Равшан Жээнбековдун жубайы. Кошумчалай кетсек, Равшан Жээнбеков дагы Ленин району боюнча парламенттик шайлоого катышуучу.

Белгилей кетсек, Салкынай Алимбаева 25-майда УКМКга суракка чакырылып, бирок кийин ал камакка алынган. Салкынайдын уулу Азат Жээнбеков адвокаттын суракка катышуусуна тыюу салынганын билдирди. Адвокат аны эртеси гана көрүүгө уруксат берилет.

Азат Жээнбековдун айтымында, Салкынай Алимбаеванын кармалышы Next TV телеканалына байланышкан ишке байланыштуу болушу мүмкүн.

Эске салсак, УКМК телеканалды «улут аралык кастыкты козуткан»деген айып менен кылмыш ишин козгогон. Мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, Next TV социалдык баракчаларында Казакстандын атайын кызматынын мурдагы жетекчисине шилтеме берүү менен Украина аймагындагы «атайын операцияда» Кыргызстан менен Россиянын ортосунда аскердик жардам көрсөтүү боюнча жетишилген келишим тууралуу туура эмес маалымат тараган.

Добавить комментарий