Онлайн сабактарга катышпагандар менен профилактикалык иштер жүргүзүлөт

Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы социалдык педагогдор менен биргеликте, Чүй облусунун Жайыл районунда онлайн сабактарын калтырган мектеп окуучуларын айланып өтө баштады.

Кара-Балта шаарында жана Жайыл районунун айылдарында предметтик мугалимдери менен байланышпаган жана берилген тапшырмаларды аткарбаган мектеп жашындагы балдар менен алдын алуу иштери башталды. Бул иштердин максаты – балдардын окубай калышынын себептерин аныктоо, ошондой эле мектеп окуучулары жана алардын ата-энелери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

“Эпидемиологиялык оор кырдаалга байланыштуу мектеп окуучулары аралыктан билим алышат. Билим берүү процессин жана мугалимдердин тапшырмаларын таптакыр тоготпогон балдар бар. Жайыл РИИнин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери мектептердин социалдык мугалимдери менен биргеликте андай балдардын үйүнө барып, алар менен профилактикалык маектешүү жүргүзүшөт. Ушундан кийин кырдаал кандайдыр бир жол менен өзгөрүп, ата-энелер балдарынын окуусуна көбүрөөк көңүл бурушат деп ишенебиз. Окуучунун класста активдүү катышуусу үчүн ата-энелердин жардамы өтө зарыл”, – деди Жайыл РИИ ЖЖЭИ башчысы Эрмарт Сасыков.

Балдардын билим албагандыгынын негизги себеби – ата-эненин көзөмөлүнүн жоктугу.

Добавить комментарий