Рак менен жабыркаган адамдарга дары-дармек сатып алууга 160 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу маалыматты COVID-19 менен күрөшүү боюнча республикалык штаб берген.
Берилген маалыматка ылайык, чоңдорго 100 миллион сом, балдарга 60 миллион сом бөлүнгөн.
Буга чейин штаб чек аралардын жабылышынан улам, онкология жана гематология департаменти дары-дармектер жеткирилиши кечигип жаткандыгын маалымдалган.
Улуттук онкология борборунун жетекчилиги бардык фармацевтикалык компанияларга, эгерде дары-дармектер болсо же мүмкүн болсо, дары-дармектерди мүмкүн болушунча эртерээк жеткирип берүү, түздөн-түз контракттын жардамы менен сатып алууга жардам берүү үчүн кайрылат.
Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев диабет жана рак оорулары менен ооруган адамдардын дары-дармектерге жетүүсүн камсыз кылуу маселелери Саламаттыкты сактоо министрлигинин көзөмөлүндө экендигин айтты.