Саламаттык сактоо министрлиги карантин буйрукка ылайык, дипломатиялык миссиялардын кызматкерлери, расмий өкүлчүлүктөрүнүн мүчөлөрү, Кыргызстанда аккредиттелген эл аралык уюмдардын өкүлдөрү карантинге тийиш эмес. Алар клиникалык оорунун көрүнгөн белгилери болгондо гана, карантинге дуушар болушу мүмкүн.
Коронавирус COVID-19 биринчи жолу 2019-жылдын аягында Кытайда аныкталган. Бүгүнкү күнгө чейин, 4288 адам каза болгон жана 119 311 адам жуктурушкан. Аба кемелеринин Кыргызстанга бара жаткан жүргүнчүлөру, учуп бара жатканда эле байланыш маалыматтарын толтурушат. Учак конгондон кийин да алардын температура эки сыйра ченелет — аба кемесинин бортунда жана келүү залында. Андан сон, биринчи категориядагы өлкөлөрдөн келгендер ооруканага жөнөтүлот. Экинчи жана үчүнчү олкөлөрдөн келгендердин анкеталарын турган адреси боюнча байкоо үчүн ооруканага жөнөтүлөт.