Нидерланддар AstraZeneca вакцинасын колдонууну токтотот

Германиянын Deutsche Welle басылмасы билдиргендей, барган сайын көп өлкөлөр AstraZeneca коронавирус вакцинасын колдонууну токтотуп жатышат.

Ага ылайык, Нидерланддар өкмөтү Дания менен Норвегиянын олуттуу терс таасирлери жөнүндө бир катар билдирүүлөрдөн кийин алдын-алуу чарасы катары AstraZeneca вакцинасын колдонууну 29-мартка чейин токтото тургандыгын билдирди.

Ирландиянын саламаттык сактоо кызматкерлери дагы вакцинаны колдонууну токтотууну сунушташты. Өз кезегинде Ирландиянын Саламаттык сактоо министри Стивен Доннелли бул алдын алуу чарасы экендигин белгиледи.

Кабарларга караганда, бийлик Европалык дары-дармек агенттиги (EMA) тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгын күтөт.

Нидерланддар менен Ирландия Европа Бирлигинин бир катар өлкөлөрүнө кошулуп, вакцинаны колдонууну убактылуу токтотушту. Австрияда дарыны колдонуудан биринчи баш тартышкан. Андан кийин эмдөө Данияда, Норвегияда, Исландияда, Эстонияда, Литвада, Люксембургда жана Латвияда убактылуу токтотулган. Кийинчерээк Италия ошондой эле дары-дармектин бир партиясына тыюу салган. Италиянын артынан Румыния бул партиядагы препаратты колдонбоо чечимин кабыл алды. Бул дары менен эмдөө Болгарияда дагы токтотулган.

Белгилей кетсек, Кыргызстан COVAX программасынын алкагында 1 миллион 200 миң дана AstraZeneca дозасын күтүп жатат.

Эске салсак, британиялык-шведдик фармацевтикалык компаниянын AstraZeneca дарысы Оксфорд университетинин катышуусу менен иштелип чыккан, ошол себептен ал «Оксфорд вакцинасы» деп да аталат. Вакцинанын клиникалык сыноолорун анализдөө орточо натыйжалуулугун 70 пайызды көрсөттү.

Добавить комментарий