Netflix чыныгы жашоодо «Кальмар оюнун» өткөрөт

Netflix стриминг кызматы «Кальмар оюну» реалити-шоусуна катышуу үчүн кастинг жарыялады.

Deadline боюнча, ага 456 оюнчу катышат.

Он эпизоддук Squid Game: The Challenge (Кальмар оюну: Сыноо) оюнунда дүйнөнүн булуң-бурчунан келген катышуучулар 4,56 миллион доллар акчалай сыйлык үчүн ат салышат. Бул реалити-шоу үчүн эң чоң акчалай сыйлык болуп калды.

Ар бир этапта утулгандар бир гана катышуучу калганга чейин четтетилет.

Азыр Netflix реалити-шоуга катышууну каалагандар үчүн кастинг жүргүзүүдө. Съёмка качан башталып, премьераны өткөрүү пландалып жатканын аталган кызмат тактаган жок.

Эң чоң Netflix сериалынын биринчи сезону 2021-жылдын сентябрында чыккан. Ал стриминг кызматы үчүн 900 миллион доллар киреше алып келген.

Добавить комментарий