Нааразылык иретинде: Масктын уулу жаңы ысым менен кыз болуп калды

Эми Илон Масктын уулу расмий түрдө аял ысымын алып калат. Тиешелүү чечимди сот чыгарды.

Америкалык миллиардер Илон Масктын уулу Ксавье расмий түрдө Вивиан Дженна Уилсон аттуу кыз болгонун NBC News билдирди.

Сот 18 жаштагы баланын атын жана жынысын өзгөртүү өтүнүчүн канааттандырды.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Ксавье Маск өзүнүн гендердик өзгөчөлүгүнө жараша атын өзгөртүүгө уруксат берүүнү талап кылып сотко кайрылган.

Жаш жигит мындан ары биологиялык атасы менен жашагысы келбей турганын жана аны менен кандайдыр бир байланышта болгусу келбей турганын билдирген.

«Эч кандай каршылыктар болбогондуктан, аты-жөнүн өзгөртүү, жынысын өзгөртүүнү таануу жана жаңы туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү өтүнүчү канааттандырылды», — деп айтылат судьянын аныктамасында.

Эскертүү! Төрөлгөндө Ксавье деген ысым алган Илон Масктын уулу биринчи аялынан төрөлгөн. Масктын биринчи никесинен беш баласы бар.

Добавить комментарий