Мыйзам бузуулар менен ташылып келинген товарлар транспорт менен кошо конфискацияланат, — КР МСК

Кыргызстанда тастыктоочу документтери жок ташылып келген бардык товарлар, анын ичинде унаалар конфискациялана турганын Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

МСК президенттин 2022-жылдын 5-сентябрындагы жарлыгын ишке ашыруунун алкагында ЕАЭБ өлкөлөрүнөн өлкөгө эсепсиз ташылып келүүчү товарлардын алдын алуу боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

МСКнын басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок товарларды ташып келүү фактылары аныкталган учурда: коштоочу накладнойлор, ЭСФ, электрондук транспорттук-коштоочу накладнойлор, салыктык каттоо жөнүндө маалымкаттар — ташылып келинген товар жана товарларды эсепке алынбай алып коюу үчүн пайдаланылган транспорт каражаты конфискацияланат (алынат).

Ушуга байланыштуу МСК импортер ишкерлерди товарларды ташып келүүдө Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып келүү (импорттоо) боюнча КР мыйзамдарынын ченемдерин так сактоого чакырат.

Добавить комментарий