Өнөрпоздор, чамдагыла! Бишкекте манасчылардын сынагы өтөт

Борбор калаада жаш манасчылардын республикалык кароо-сынагы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, сынак 4-декабрда белгиленүүчү «Манас күнүнө» карата уюштурулуп жатат. Таймаш эки багытта өтөт. Ага 10-20 жаш курактагы жана 20-30 жаш аралыгындагы манасчылар катыша алат.
Кароо-сынак 2-декабрь күнү саат 9:00дө Бишкектеги «Манас» жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы» мамлекеттик мекемесинде башталат.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 4-декабрь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында болот.

Сынакта төмөндөгүдөй байгелер каралган:

20-30 жаш курагындагы манасчылар арасында жеңүүчүлөргө

1-орун — 20 000 сом;
2-орун — 10 000 сом;
3-орун — 8000 сом берилет.
10-20 жаш курагындагы манасчылар арасында үчүнчү орунга чейин алгандарга планшет берилет.

Добавить комментарий