Мусулмандардын башкы муфтийи Кимсанбай ажы Абдурахманов дүйнө салды

Бүгүн, 23-ноябрда Кыргыз Республикасынын Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Кимсанбай ажы Абдурахмановду эскерүү жаназа намазы окулат.

Кыргызстан мусулмандарынын туңгуч Азирети муфтийи Кимсанбай ажы Абдурахманов 83 жашында дүйнөдөн кайтты, деп маалымдайт Kaktus.media.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы ал үчүн жаназа намазы бүгүн, 7-кичи райондогу “7-апрель Шейиттери” мечитинде түштөн кийин саат 14:00дө окула турганын билдирди. Сөөгү Көк-Жар айылындагы көрүстөнгө коюлат.

Кимсанбай ажы Абдурахманов 1940-жылы 10-июнда Өзбекстандын Фергана облусунда кыргыздын үй-бүлөсүндө туулган. Ал ата-энеси менен чогуу жашаган Жаңыабад айылы Баткен шаарынан 15 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан.

Мектептен кийин Бухарадагы Мир-и Араб Ислам медресесинде окуп, СССРдин Аскер-деңиз флотунда кызмат өтөгөн. Иорданиядагы мамлекеттик университеттин шарият факультетин бүтүргөн. Абдурахманов 1990-жылга чейин мурда бүтүргөн медресени жетектеп, Ташкентте Орто Азия жана Казакстандын дин башкармалыгында да иштеген.

1990-жылдын мартынан 1992-жылдын сентябрына чейин Кыргызстан мусулмандарынын казыятынын төрагасы (казы) болуп иштеген. 1992-жылдын август айынын аягында Кыргызстан мусулмандарынын биринчи курултайы өтүп, анда эгемендүү Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы түзүлгөн. Кимсанбай ажы Абдурахманов муфтий болуп дайындалган.

Анын жетекчилиги менен өлкөдө алгачкы медреселер, мечиттер ачылып, муфтият жана Ислам университети үчүн имарат сатылып алынган.

Абдурахманов биринчи жолу 1996-жылы декабрда кызматтан кеткен. Кийин 2000-2002-жылдары экинчи жолу баш муфтий болуп иштеген. Бул жылдар аралыгында борбордогу чоң мечиттерде имам хатиб (баш имам) болуп иштеген.

Добавить комментарий