Министрлер кабинетинин башчысы КРнын Эл мугалими Антонида Зырянованы жеке куттуктады

Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасы келип, КРнын Эл мугалими Антонида Зырянованы мугалимдер күнү менен жеке куттуктады.

«Сиз 60 жылдан ашык убактыңызды мамлекетке кызмат кылууга арнадыңыз, бир эмес, бир нече муун окуучуларга билим жана тарбия бердиңиз. Ал эми бүгүн сиз жаш муундар менен билим жана акылмандыкты бөлүшүүнү улантып жатасыз», – деди ал.

КР эл мугалими Антонида Зырянова куттуктоо үчүн ыраазычылык билдирди.

«Биз, мугалимдер, мамлекет тарабынан бизге көңүл бурулганына ыраазыбыз. Тарых мугалими катары айткым келет, биздин республика көптөгөн тарыхый окуяларды башынан өткөрдү жана анын тарыхы келечекте коомдо жана мамлекетте маанилүү роль ойной турган жаш муундарды тарбиялоо үчүн бай материал болуп саналат. Куттуктооңуз үчүн жана жөнөкөй мугалимге көңүл бурганыңыз үчүн рахмат», – деди ал.

Улукбек Марипов белгилегендей, бүгүн борбор калаанын мэри жана президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү мугалимдерди мамлекет башчысынын жана министрлер кабинетинин атынан куттукташат.

Добавить комментарий