Милициянын кайгуул-күзөт кызматы Бишкекте коомдук тартипти камсыз кылат

Бишкек шаарынын Патрулдук милициясынын кызматкерлери элдик күзөттөр менен биргеликте борбор калаада коомдук коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыздоону улантууда, деп билдирди департаменттин басма сөз кызматы.

Анын айтымында, жеке ишкердиктин жана мамлекеттик менчиктин бардык объектилери коргоодо турат. Маанилүү стратегиялык объектилер толук көзөмөлдө.

“Ошондой эле “102” линиясындагы чалуулар тейленет. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын БЭМБи жарандарды коомдук тартипти сактоого жана чагымчыл чакырыктарга алдырбоого чакырат”, – деп айтылат билдирүүдө.

Добавить комментарий