Медет Бейшенкулов Улуттук кардиология борборун башкарбайт

Медет Бейшенкулов Бишкектеги Улуттук кардиология жана терапия борборун жетектебей турганын билдирди.

Анын айтымында, баш тартуу жеке себептерден улам болгон.

Ал ошондой эле буйрук 4-декабрда чыкканын жана Мамырайым Жумабаев Кардиология жана терапия борборунун директорунун милдетин аткаруучу экенин кабарлады.

Буга чейин бул кызматты министрлер кабинетинин буйругуна ылайык кызматынан бошотулган Акпай Сарыбаев аркалап келген. Медет Бейшенкулов Улуттук кардиология жана терапия борборунун директорунун милдетин убактылуу аткара турганын Саламаттык сактоо министрлиги 30-ноябрда билдирди.

Добавить комментарий