McDonald’s Казакстандагы ишин убактылуу токтотту

Бүгүн Казакстан Республикасында 18-ноябрдан баштап жеткирүүдөгү кыйынчылыктардан улам McDonald’s ресторандары жабылганы белгилүү болду.

McDonald’s 18-ноябрдан тарта Казакстандагы бардык ресторандарын жергиликтүү жеткирүү чектөөлөрүнөн улам убактылуу токтотот. Бул тууралуу компаниянын пресс-релизинде жазылган.

Билдирүүдө компаниянын ишин тез арада калыбына келтирүү үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканы белгиленет. Ресторандын ачылыш убактысы кийинчерээк жарыяланат.

Башка маалымат берилген жок.

«Food Solutions KZ» ЖЧКсы Казакстан Республикасында 6 жылдан ашык убакыттан бери иштейт. Компаниянын Алматы, Астана, Атырау, Актөбө, Костанай, Караганда шаарларында 24 McDonald’s рестораны бар жана 2000ге жакын адам иштейт.

Добавить комментарий