Маск Трамптын Twitter аккаунтун калыбына кклтирди

Твиттердин жаңы ээси Илон Маск АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын аккаунту калыбына келтирилгенин жарыялады.

Бул тууралуу ал соцтармакта сурамжылоо жүргүзгөндөн кийин билдирди. Ага 15 миллион колдонуучу катышты: 51,8% Трамп мырзанын кайтып келишин колдоп, 48,2% каршы болгон.

“Эл айтты. Трамп кайра ордуна келет”,-деп жазды Маск Твиттерде. Ал латын макалын Vox Populi, Vox Dei (элдин үнү – Кудайдын үнү) кошкон.

Трамп өзү да добуш берүүнүн жыйынтыгына карабастан, Twitter баракчасына кайтпай турганын билдирген. Ал өзүнүн Truth Social баракчасына: “Оң добуш бергиле, бирок кабатыр болбогула, биз эч жакка кетпейбиз. Truth Social өзгөчө”.

Twitter 2021-жылдын башында жактоочулары Капитолийге чабуул койгондон кийин Дональд Трамптын аккаунтун убактылуу токтоткон. Социалдык тармактын мурдагы жетекчилиги АКШнын 45-президентинин твиттери элди баш аламандыкка үндөйт деп эсептеген.

Дүйнөнүн эң бай адамы Илон Маск октябрь айында 44 миллиард долларлык келишим менен Твиттерди көзөмөлгө алып, дароо компанияда бир катар масштабдуу реформаларды баштаган. Кызматкерлердин жарымы жумуштан бошотулган. Миллиардер модерациянын эрежелерин жумшартууну жана колдонуучуларды текшерүүнү кайра карап чыгууну убада кылды. Бул кадамдар дароо Твиттердин зордук-зомбулукту жана туура эмес маалыматты жайылтуу боюнча эрежелери жумшартылышы мүмкүн деген кооптонууну жаратты.

Добавить комментарий