Машыктыруучу атаандаш команданын өспүрүмдөрүнө кол көтөргөн. Украинадагы видео

Видео YouTube каналына жарыяланган.

Окуя Украинанын чемпионаты учурунда болгон. Анда «Кривбасс» менен «Морские волки» командалары беттешкен. Беттеш учурунда өспүрүмдөр бири-бирине кол көтөрүп, уруша кетишкен.

Балдарды ажыратууга оюнга калыстык кылып жаткан киши барган. Ага удаа жөнөгөн «Кривбасстын» машыктыруучусу Сергей Брага атаандаш топтогу бир нече балдарды муштап, кээ бирлерин жыга түрткөн.

https://youtu.be/2exYLxnE82E

Жергиликтүү басылмалардын биринин жазганына караганда, каршы ойноп жаткан команданын дарбазачысы көбүрөөк жабыр тарткан. Тагыраагы, мээси чайкалышы мүмкүн экендигин айтышууда.

Бул окуядан улам «Морские волки» машыктыруучу боюнча полицияга азыр жазгандыгы кабарланды.

Добавить комментарий