Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин башчысы Улукбек Марипов Беларустун борборуна болгон жумушчу сапарынын алкагында белгилүү Минск трактор заводуна барды.
Бул тууралуу Кыргызстандын өкмөтүнүн сайты билдирди.
Заводго барганда Марипов өндүрүлүп жаткан жабдуулардын үлгүлөрү менен таанышты.
Улукбек Марипов Беларустук тракторлордун биздин өлкөдө популярдуулугун белгилеп, мындан аркы кызматташууга ишеним билдирди.
Андан кийин Улукбек Марипов 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин эстелигине гүл койду.
Ошондой эле, КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бакка барды.