Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн мобилдик версиясын 154 миң адам колдонду

Электрондук форматта мамлекеттик кызматтарды көрсөткөн порталдын мобилдик тиркемеси Кыргызстанда 2020-жылдын 14-августунан бери иштеп келе жатат.

Мамлекеттик каттоо кызматынын тейлөө порталынын мобилдик версиясы ишке киргенден бери 27 күндүн ичинде 154 миң Кыргызстандык онлайн режиминде электрондук кызматтарды колдонушту.

Буга чейин 10 миңге жакын колдонуучу мобилдик версиясын смартфондоруна жүктөп алышкан. Көбүнчө УШКнын дарегин текшерүү, Carcheck маалыматы, каттоонун дарегинин болушу, үй-бүлөлүк абалын текшерүү, паспорттун даярдыгы жана «балага сүйүнчү» төлөм статусу.

Анын ичинде 111 миң 102 кыргыз жараны шайлоочулардын тизмесинде өзүн көрсөтүшкөн. 15684 адам унаа жөнүндө маалыматты текшерүү үчүн Carcheck кызматын колдонгон, ал эми 5433 адам алардын каттоосун текшеришкен.

«Порталдын колдонуучулары көбүнчө Huawei жана Redmi бренддеринин мобилдик шаймандарынан, Кыргызстан ичинде, ошондой эле Россиядан, АКШдан жана Казакстандан киришет», – деп билдирди МКК.

Добавить комментарий