Мамкаттоо: Кыргызстанда 1 миллион 300 миң автоунаа

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Айнура Туйбаева парламенттин жалпы жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, 2019-жылдын 1-декабрына карата 1 миллион 300 миң машина катталганын айтты.

Ал республика ичинде ишеним кат менен канча киши автоунаа айдап жүргөнү белгисиз экенин билдирди.

Сол рулдуу болуп кирген унаалар кантип оң рулдууга айланып калат. Чоо-жайы
Парламент жалпы жыйынында «Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору каралды. Ал үчүнчү окууга киргизилген.
Депутат Аалы Карашев Кыргызстанда канча автотранспорт бар экенине, анын канчасы ишеним кат менен жүрөрүнө кызыкты.

Туйбаева 2019-жылдын 1-декабрына карата 1 миллион 300 миң машина катталганын айтты.

«Анын ичинен ишеним кат менен канча машина жүргөнү белгисиз», — деди ал.
Ал ошондой эле кийинки убактарда автоунааны өзүнө каттаткандардын саны өсүп жатканын белгиледи. Быйыл 1-декабрга карата 400 миңдей автоунаа кайра каттоодон өтсө, мурда бир жылда 100 миңге жетпеген автоунаа кайра катталчу.

«Азыр жарандар өздөрүнүн жоопкерчилигин сезип, өзүнө каттатып жатат. Андыктан ишеним кат акырындык менен кетип жатат деп айтсак болот», — деди Туйбаева.
Мыйзам долбоору жыйынтыгында добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Sputnik Кыргызстанда эл көп алган автоунаалардын үлгүсү, баасы, жылы жана кандай май куяры туурасында инфографика жасаган.

Добавить комментарий