Кырсыктан жабыркаган балдардын абалы канааттандырарлык, биринин абалы оор, – балдар ооруканасынын башкы дарыгери

Шаардык балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов Бишкек-Манас жолунда балдар автобусу менен болгон кырсыктын кесепетинен жалпысынан 27 бейтап медициналык жардам сурап кайрылганын билдирди. Анын ичинен 19 адам нейротравматология бөлүмүнө жаткырылган. Мамановдун айтымында, жабыркагандардын бардыгынын абалы жакшырып, канааттандырарлык. Реанимацияда жаткан үч бейтап эсине келди. Бир адамдын абалы дагы эле туруктуу, оор.

Эске салсак, 20-апрелде Манас айылындагы Ат-Башы лицейинде экинчи нөөмөттө окуган башталгыч класстын окуучуларын ташыган мектеп автобусу кырсыкка учураган. Кырсыктан айдоочу менен кошо 30 жакын адам жабыркаган. Кыязы, дагы бир автобус мектеп окуучулары бараткан автобусту сүзүп, кырсыкка себеп болгон.

Добавить комментарий